• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Же аялынан кеттиби?». Сабалып өлтүрүлгөн аялдар тууралуу Жолдошбаевдин кызыктай суроосу

15 Үчтүн айы 2020 13:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча КРдин мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоор каралып жатат. Аны өкмөт сунуштап, иштелип чыккан. Мыйзам долбоорду Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов окуду.

Анда министрдин орун басарына суроо узаткан депутат Камчыбек Жолдошбаев үй бүлөдөгү зомбулуктун себептерине кызыкты.

Жакында каза болгон келиндер буга чейин кайрылганбы. Өлүмүнүн себеби эмне болуптур, эмне үчүн мындай болуптур, териштирип көрдүңөрбү? Же аялынан кетиптирби, же күйөсү тетир басчу бекен», — деди депутат.

Количество просмотров: 1093