• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы менен жолугушту

27 Жалган куран 2020 15:33 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-мартта Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы макамы жана жакынкы жылдар аралыгында иш алып баруусу, өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Ошондой эле коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылышынан улам жаралган кырдаал тууралуу пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк банктын долбоорлору өлкө экономикасы менен жарандардын байгерчилигин жогорулатуу үчүн стратегиялык максаттарды жана милдеттерди ишке ашырууда Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон бардык чечүүчү тармактарды камтыганын белгиледи. Ошону менен бирге Сооронбай Жээнбеков аймактагы башка өлкөлөр менен катар Кыргызстандын экономикасы да коронавирус инфекциясынын дүйнөгө жайылышынан улам терс кесепетине кабылганын билдирди. Ал бул кырдаал өлкөнү өнүктүрүү пландарынын убагында ишке ашуусун кыйындатып, бюджеттин чыгаша беренелерин кайрадан карап чыгууга мажбурлап жаткандыгын кошумчалады.

«Ушундан улам Сооронбай Жээнбеков Дүйнөлүк банкка дүйнөдөгү жана өлкөдөгү түзүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоо маселесине түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар бул багытта өлкөнүн тийиштүү мамлекеттик органдары менен активдүү иштер жүрүп жаткандыгын белгилеп, башка долбоорлорго жумшалчу каражаттын бир бөлүгү саламаттык сактоо түзүмүн колдоого бөлүштүрүү маселеси чечилгенин билдирди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы пандемиянын алдын алууга багытталган «Коронавируска чукул жооп кайтаруу» долбооруна каражат бөлүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Болормаа Амгаабазар Дүйнөлүк банк тарабынан коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жалпы бюджети 160 млрд долларды түзгөн көмөк көрсөтүү фонду түзүлгөнүн билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары Дүйнөлүк банк тобунун мүчөсү — Эл аралык финансылык корпорациясы да экономиканын төмөндөшүнөн улам «соккуга» учураган жеке компанияларды колдоо ниетинде.

Количество просмотров: 111