«Коррупция менен күрөш – оңой маселе эмес», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде.
Баары эле коррупция менен күрөштү колдойт. Бирок иш жүзүндө башкача болууда. Калкыбыз 6,5 миллионго жетип калды. Сурап келгенде баардыгы тууган же куда-сөөк болуп чыга келет. Жакындары пара менен колго түшсө, дароо ага колдоо көрсөтө башташат. Албетте, буга окшогон маселелер да жок эмес. Бирок, акырындан бул да артта калып жатат десем болот, — деди Өлкө башчысы.
Коррупция менен аёсуз күрөштү эл колдоп жаткандыгын билдирген Президент, алдыга коюлган максаттар ишке аша тургандыгын кошумчалады.