• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Жээнбеков: Санариптештирүүнүн эң негизги максаты — көмүскө экономикадагы каражаттарды ачыктоо

8 Баш оона 2020 17:03 Бишкек Govori.TV

Бардык тармактарды санариптештиребиз. Санариптештирүүнүн эң негизги максаты — көмүскө экономикадагы каражаттарды ачыктоо. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маеги учурунда билдирди.

Мамлекет башчы билдиргендей, санариптештирүү тез эле ишке ашып кетпейт. Биздин өлкөдө кеч башталып калды.

«Өзүңүздөр билесиздер, бул жылы дагы Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяладык. Бардык тармактарды санариптештиребиз. Санариптештирүүнүн эң негизги максаты — көмүскө экономикадагы каражаттарды ачыктоо. Ошол эле медицина жана башка тармактардагы айланган каражаттарды бюджетке түшүрүү, ошонун эсебинен мугалимдердин, медиктердин жана башка бюджеттик тармактын, айрыкча, социалдык кызматкерлердин айлыктарын көтөрүү, чечилбей келаткан көйгөйлөрүн чечүү, реформа жүргүзүү. Санариптештирүү тез эле ишке ашып кетпейт. Биздин өлкөдө кеч башталып калды. Бирок азыр жыйынтыктарын бере баштады. Айрыкча бажы, салык системасында жана башка каражат түшкөн системаларда санариптештирүүнү тездетип жатабыз. Ошонун жыйынтыгын бере баштаганда, айлыктарды көтөрө баштайбыз. Бул келечектин иши. Бүгүн-эртең көтөрүп жиберем деп куру убада бере албайм. Бирок канча тездетсек, көмүскө экономиканы алып чыксак, ошого жараша биз айлыкты көтөрөбүз. Буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун айлыктарын көтөрдүк. Эми стационарда иштегендердин айлыгын көтөрөбүз. Ал боюнча тапшырма берилди. Бул боюнча иштеп, жолдорун издеп жатабыз. Көтөрбөсөк болбойт»,-деди Жээнбеков.

Количество просмотров: 93