• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин небереси менен жолугушту

5 Жетинин айы 2019 14:48 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушту.

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алкагындагы иш-чаралар, анын ичинде бир катар маданий жана илимий иш-чаралар, эскерүү кечелери, биографиялык басылмаларды даярдоо боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы Турдакун Усубалиев жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана коомдун турмушундагы бардык тармактарга кошкон зор салымын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиев Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бир доордун кайталангыс инсаны экенин баса белгиледи.

Эрмек Усубалиев Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин кеңири өткөрүү боюнча демилгеси жана колдоосу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди. Ал бардык пландалган иш-чаралар өз убагында өткөнүн жана ага катышкан мамлекеттик органдардын ишин канааттануу менен белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Эрмек Усубалиев 6-ноябрда, Турдакун Усубалиевдин туулган күнүндө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турчу 100 жылдык мааракесинин алкагында салтанаттуу иш-чараларга карата даярдыктардын жыйынтыгын чыгарышты.

Количество просмотров: 277