• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

“Жерүйдө” мамлекеттин үлүшү болуш керек деген комиссиянын чечими — популизм

11 Жалган куран 2020 17:33 Бишкек Govori.TV

2015-жылдагы Жерүй кени боюнча өткөрулгөн конкурстун тегерегинде ар кыл пикирлер жаралып жаткан чагы. Ал арада Жерүй боюча маселени иликтөө максатында активисттер тарабынан элдик комиссия да түзүлуп, 5 жыл мурун өткөн конкурстун жагдайларын карашууда. Ал эми мамлекеттик ишмер Турдубек Мамбетов 2015-жылдагы Жерүй кени боюнча конкурс ачык жана мыйзамдуу өткөндүгүн айтып, иш бүтүп калганда мындай абалдын жаралуусу туура эмес дейт.
Көп жылдан бери эле талкууланып жатканы Жерүй өзү көгөйлүү актив экенин белгилеген эксперт Азамат Аттокуров Орусиялык компаниянын иш алып барып жатканы жакшы саамалык деген пикирде.
Мындан тышкары Аттокуров бизнесте бийликтин үлүшү болбоосу керектигин жана ар кыл талкууларды жаратып жаткандар акчаны көздөгөндөр гана экенин кошумчалады.
Таластагы «Жерүй» алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Бул кен алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык, кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар. 2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн.
Учурда Жерүй кенинде курулуш иштеринин көпчүлүк пайызы аяктап калган. Ал жакта жалпысынан алганда 800 өй адам эмгектенет жана алардын 90 пайызы жергиликтүү тургундар.

Количество просмотров: 215