• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖМК мыйзамы тармактык комитеттин күн тартибинен алынды

22 Үчтүн айы 2024 17:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-январда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору күн тартибинен алынды.

Депутат Эльвира Сурабалдиева аталган мыйзам долбоорун сынга алды.

«Акыйкатчылык бул мыйзам чийки болуп жатканын айтып, кайра иштеп чыгуу сунушун берди. Массалык маалымат каражаттары менен бүт саясатчылар иштейт, мына азыр бул жерде депутаттардын жарымы чыгып кетип калышты. Анткени эч кимиси жаман көрүнгүсү келбейт. 11 журналист кармалып жатат, ал эми мамлекеттин акчасын уурдагандар жеңил кутулуп кетип жатат. Маалыматты жазышырып, баарын көзөмөлдөйм дегендин аягы жакшы болбойт. Ушундай нерселерди силер жеткирип барышыңыздар керек»,-деди Сурабалдиева.

Депутат Акылбек Түмөнбаев болсо жыйынга министр Алтынбек Максүтов, Акыйкатчы келип толук маалымат бериши керектигин айтып, мыйзам долбоорун күн тартибинен алуу сунушун берди.

Бул мыйзам долбоор 15-январда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин күн тартибинен да алынган. Анда депутат Айбек Осмонов мыйзам долбоордо талаштуу беренелер көп экендигин айтып, кайра иштеп чыгууну сунуштаган.

Президенттин администрациясы сунуштаган «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

Ал эми көз карандысыз юристтер, медиаэксперттер мыйзам долбоору сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп баалашкан. Алар ЖМК жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы мурункуга салыштырмалуу катаалдашып кеткенин айтып, бийликке коңгуроо кагышууда.

Количество просмотров: 73