• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

ЖМК мыйзамынын демилгечилери жумушчу топтун сунуштарын тоготпой жатабы?

23 Жалган куран 2023 17:28 Бишкек Govori.TV

Президенттик администрация «ЖМК жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун төртүнчү вариантын иштеп чыкты. Деген бир нече айдан бери иштеп жаткан жумушчу топтун негизги сунуштары эске алынган эмес.

Талаштуу мыйзам долбооруна журналисттер, юристтер тынчсыздануусун билдиришкенден кийин кыргыз бийлиги айрым беренелерин кайрадан иштеп чыгууга макул болгон. Бирок Кыргызстандын медиа аракеттер платформасынын төрайымы Тамара Валиева сөз эркиндигине коркунуч жарата турган нормалар өзгөртүүсүз калганын айтат.

Мыйзам долбооруна кандай жаңы нормалар киргизилип жатат? Анын кандай тобокелчиликтери бар? «Адилет» укуктук клиникасынын өкүлү буларга токтолду.

Президенттик администрация мыйзам долбоорунун айланасындагы нааразычылыктар боюнча үн ката элек. Бийлик 1992-жылкы мыйзам эскирди деп эсептейт. Жумушчу топ 2023-жылдын 1-мартына чейин аталаган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарышы керек болчу. Бирок мыйзам долбоорун толуктап, иштеп чыгуунун мөөнөтү 15-майга чейин узартылды. “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери аталган мыйзам долбоорунда адам укугун жана эркиндигин чектеген олуттуу алешемдиктер, тобокелдиктер бар экенин белгилеп келет.

Количество просмотров: 76