• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы аяктады

30 Кулжа 2020 11:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулуп, алгач президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришти. Андан кийин президентке сөз берилди.

Парламенттин иши тууралуу кыскача маалымат берген төрага Дастан Жумабеков: «Урматтуу депутаттар, бул чакырылышта сиздер менен бирге жигердүү аракеттенип, элибиздин кызыкчылыгын баарынан жогору коюуну көздөп, өлкөбүздү ар тараптан өнүктүрүүгө өбөк болуп берүүчү мыйзамдарды кабыл алуу аркылуу Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясын аяктап жатабыз. 136 мыйзам 614 токтом кабыл алынды.
Ошондой эле парламент эл аралык кызматташуу жаатында дагы көптөгөн иштерди алып барды», — деп, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын VII сессиясы аяктаганын жарыялады.

Количество просмотров: 43