• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Жол кырсыгына кабылган Сокулук райондук милициясынын башчысы кызматтан четтетилди

9 Бештин айы 201910:01 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда болгон жол кырсыгы боюнча Сокулук райондук милициясынын башчысы М. Чойбеков тергөө аяктаганча кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

 Маалым болгондой, учурда ал факт Ысык-Ата райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

«Толук жана калыс иликтөө жүргүзүү үчүн сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары Чүй облусунун ИИББнин тергөө кызматына алынган. Андан тышкары, Сокулук райондук милициясынын башчысы тергөө аяктаганча кызматынан четтетилди», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 7-декабрь күнү болжол менен таңкы саат 4:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында жол кырсыгы болгон. Анда Чойбеков башкарып бараткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа менен жүк ташыган микроавтобус кагышкан. Кырсыктан микроавтобустун айдоочусу ар кандай жаракат алып, Кант шаарынын ооруканасына жеткирилген. Ал эми Чойбековдун мас абалында болгон-болбогонун Ысык-Ата районунун тергөө органдары иликтей турганы айтылган.

Количество просмотров: 96