• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жоламан Шаршенбеков Азия биринчилигинин финалына чыгып, алтын үчүн күрөшөт

19 Бирдин айы 2020 15:08 Бишкек Govori.TV

Грек-рим күрөшүнүн балбаны (60 кг) Жоламан Шаршенбеков Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинин финалына чыгып, алтын үчүн күрөшөт.

Кыргызстандык балбан жарым финалда ирандык спортчу менен күрөшүп, аны 9:2 эсебинде уткан.

Алтын үчүн күрөштө ал япониялык Кэнъитиро Фумита менен күч сынашат.

Андан тышкары эки балбан коло үчүн күрөшкө түшөт: 72 килограмм салмакта Руслан Царев жана 97 килограмм салмакта Бексултан Махмудов.

Эскертке кетсек, Нью-Делиде (Индия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күнү болуп өтөт.

Учурда Кыргызстанды эсебинде 1 күмүш, 2 коло медаль бар.

Количество просмотров: 680