• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жоокерлерди ур-токмокко алган офицерлер 1 айга камалды

15 Баш оона 2018 19:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.08.2018.Govori.TV.
Бүгүн Аламүдүн районунун Кой-Таш №73809-аскер бөлүгүндөгү «Ала-Тоо» полигонунда аскердик кызмат өтөп жаткан 6 жоокерди ур-токмокко алган 3 кызматкердин баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, 1 айга камака алынышты. Эми тергөө иштери уланмакчы.
Аталган аскердик бөлүктөгү фактылар боюнча 3 аскер кызматкерине кылмыш иши козголуп 13-август күнү 48 саатка камака алынган.
Эске салсак, Аламүдүн районунун Кой-Таш №73809-аскер бөлүгүндөгү «Ала-Тоо» полигонунда аскердик кызмат өтөп жаткан 6 жоокерди командирлер, арык каздырып, тиричилик жумуштарын жасоого мажбурлашкан.
Андан сырткары аскерлер ар кайсы жумушка жиберилип, жасаган иши үчүн командирлер иш берүүчүлөрдөн миң сомдон алып турушкан.
Жоокерлерди мончонун курулушуна иштетип, катуу зым менен бутка чаап, сабап турушкан. Ошондой эле аскерлердин бирөөсүн, кулагына  катуу уруп койгондуктан,  кан кетип токтобой, ата-энесин чакыртканга мажбур болгон деген маалыматтар чыккан. Буга байланыштуу 3 аскер кызматын өтөп жаткан жоокер, аскер прокуратурасына кайрылып, арыз жазышкан.

Количество просмотров: 25