• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жумабеков: Кыргыз-казак чек арасындагы жагдайды Министрлер кабинети тез арада чечиши керек

24 Бирдин айы 2022 17:18 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасындагы жагдайды Министрлер кабинети тез арада чечиши керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков билдирди.

«Бүгүнкү күндө Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кирүү үчүн кезек күткөн автоунаалардын саны көбөйгөндүгү боюнча маалымат келип жатат. Айдоочулар бийликке, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошту. Бул маселени жыйында башка депутаттар дагы көтөрдү. Бул ишти Министрлер кабинети колго алып, тез арада чечим кабыл алышы зарыл»,-деди депутат Жумабеков.

Эске салсак, 22-февралда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 180ден ашык жүк ташыган машине кезекте турганын билдирген. Анда Чек ара кызматы 60тай машина жүккө байланыштуу тиешелүү документтерди күтүп жатканын кошумчалаган. Жогорку Кеңеште кыргыз-казак чек арасынан жүк ташыган машинелердин өткөрүлбөй жатканына байланыштуу маселе бир канча жолу көтөрүлгөн. Министрлер кабинетинин өкүлдөрү сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтканы менен майнап чыга элек.

Количество просмотров: 106