• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жумабеков: Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаал экономикага таасирин тийгизет

24 Бирдин айы 2022 17:07 Бишкек Govori.TV

Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаал өлкө экономикасына таасирин тийгизет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүгө азыр дагы кеч эмес.

«Биздин Баш мыйзамда жазылгандай, тышкы жана ички саясатты аныктоо мамлекет башчыга ыйгарылган. Ошонун негизинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Украинанын чыгышындагы кырдаалга байланыштуу өзүнүн пикирин билдирди. Эл аралык келишимдер бар, кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүгө азыр дагы кеч эмес. Советтер Союзунун курамында болгон өлкөлөрдүн тирешип жатканы өтө кейиштүү маселе. Орусия менен Украина бири-бирине коюлган дооматтарды четке кагып жатат. Бир нече өлкөлөр Орусияга каршы экономикалык санкция саларын жарыялап жатат. Санкция күчүнө кирип калса өлкө экономикасына дагы таасирин тийгизет»,-деди Жумабеков.

Количество просмотров: 279