• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Журналист Болот Темиров тууралуу чыккан видео фейкпи?

25 Үчтүн айы 2022 17:48 Бишкек Govori.TV

24-январь күнү Фейсбуктагы “Адамдар арасында” аттуу баракчада иликтөөчү журналист Болот Темировду каралаган видео жарыяланган. Анда Болот Темиров Батыштын акчасын алып, элди бөлүп-жарып жатканы жана аялы менен бирге наркотика сатып бизнес кылары айтылат. Соцтармакка жарыяланган видео тууралуу «ПолитКлиника” медиасы текшерип көрдү.

Төмөндө текшерүүнү толугу менен беребиз:

 Журналист Болот Темиров тууралуу видео фейк (Фактчекинг) 

  1. Болот Темиров Курманбек Бакиевдин адамы

Видеонун башында Болот Темировдун кыскача өмүр баяны айтылган. Анда Темиров Россиядан билим алганы жана 2000-жылдардын башында Кыргызстанга келип бозгундагы экс-президент Курманбек Бакиевдин жакын адамы катары иштей баштаганы баяндалат. 

Болот Темировдун биографиясында Россиядан билим алып 2006-жылы Кыргызстанга келгени жазылган. Ал эмгек жолун КТРК каналында иштеп баштап, кийинчерээк Президенттин Администрациясында пресс кызматында иштеген. Бул маалыматты Болот Темиров өзү четке какпайт.

“Ооба, ошол учурда пресс кызматта иштегем. Аны эч убакта жашырган эмесмин”,- деп билдирди. 

Бирок видеодо Болот Темировдун Курманбек Бакиевдин адамы болуп, анын кызыкчылыктарына жараша иш алып барганын тастыктаган далилдер келтирилген эмес.

Болот Темировдун буга чейинки ишмердүүлүгүндө да, Бакиевдик саясатты жактап  жүргөн материалдарды кездештирүү мүмкүн эмес. 

Жыйынтык: “Болот Темиров Курманбек Бакиевдин жакын адамы” деген сөзгө дадил жок. 

  1. Болот Темиров Россия менен келишим түзүп, Батыштын саясатын көзөмөлдөөнү убада кылган 

Видеодо 2010-жылы Курманбек Бакиевдин режими кулагандан кийин журналист Болот Темиров Москва менен эки тараптуу келишим түзгөнү айтылат. 

“Алынган далилдерге караганда Темиров орус тарапка Россия аймагында тыюу салынган Батыштагы бир кыйла беделдүү пропагандалоочу компаниялар менен иштешип Кыргызстан аркылуу байкоо салып турууга келишим түзүшөт”,— деп айтылат видеодо. 

Бирок, анда Темировдун Россия менен түзгөн келишими эмес 2020-2021-жылдагы гранттык программаларга берген арыздарын көрүүгө болот. 

Эң биринчиси, Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин Демократиялык комиссиясы программасы 2020-жылы жарыялаган кичи гранттык программа. 

 Журналист Болот Темиров тууралуу видео фейк (Фактчекинг) 

Анда, “Temirov Live” командасы редакция даярдаган иликтөөлөрдү кыргыз колоритинде “Акын иликтөөчүлөр” айтып чыгышсын деген идеяны жазышкан.

Аталган долбоордун максаты, Кыргызстандагы иликтөөчү журналистика менен бирге акындык өнөрдү жана кыргыз тилин өнүктүрүү экени көрсөтүлгөн. 

 Журналист Болот Темиров тууралуу видео фейк (Фактчекинг) 

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык комиссиясы көз карандысыз медиаларды жана уюмдарды колдоо максатында жыл сайын гранттык программа жарыялайт. Гранттык сынак ачык формада өткөрүлүп, Кыргызстандагы бардык редакциялар катыша алат. Башкача айтканда, бул сырдуу же жабык долбоор эмес.

Болот Темировдун Россиянын көрсөтмөлөрүн аткарып жатканына байланыштуу видеодо экинчи далил деп “Temirov Live” редакциясы “National Endovment of Democracy” (NED) уюмунан көп акча алып жатканы жана Батыштын саясатын колдоп жатканы айтылат. 

 Журналист Болот Темиров тууралуу видео фейк (Фактчекинг) 

Видеодогу документке ылайык, “Temirov Live” редакциясы “NED” демократиялык уюму менен 2020-жылдан 2022-жылга чейин келишим түзгөн. Келишимде Болот Темировдун командасы Кыргызстандагы коррупциянын бетин ача турган, иликтөөлөрдү жарыялап туруу максатын көздөгөнү жазылат.

 Журналист Болот Темиров тууралуу видео фейк (Фактчекинг) 

Белгилей кетсек,  “National Endovment of Democracy” (NED) уюму бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө жүзү боюнча иш алып барат. Уюмдун максаты, көз карандысыз медиалардын өнүгүшүнө салым кошуу болуп саналат. Мындан сырткары, уюм жыл сайын ачык гранттык сынактарды жарыялайт жана ага бардык редакциялар катыша алат.

 Журналист Болот Темиров тууралуу видео фейк (Фактчекинг) 

Ал эми видеодо көрсөтүлгөн “Alda” уюму да ушундай багытта иш алып барат

Башкача айтканда, үч уюм тең ачык негизде демократиялык гранттарды жарыялайт.

Жыйынтык: Манипуляция. Видеодо Болот Темировдун Россия менен түзгөн келишими тууралуу айтылып, бирок гранттык конкурска катышкан долбоорлору көрсөтүлгөн. Арыздарда болсо, уюмдар өздөрүнүн саясатын чагылдырган пункттары жок. 

3.Болот Темиров Метью аттуу жарандан көрсөтмө алып турган 

Видеонун бешинчи мүнөтүндө Болот  Темиров Австриялык Метью деген жарандан көрсөтмө алып турары айтылып, телефон сүйлөшүүлөрү жарыяланган. 

Анда Болот Темировдун үнүнө окшош адамдын сүйлөгөнү угулган.

“Бизде иликтөө үчүн жаңы тема пайда болду. Мен Украинада Миша менен жолукканда, ал өзүнүн кеңешин берди. Мен буга чейин да анын ишине баа берип жүрчүмүн. Биз кайсы жерди, эмнени тартуу чечимин кабыл алдык. Бирок бизге жакшы зум менен камера жетишпей жатат. Миша бизге “CUP 1000” алгыла деп кеңеш берди. Бизге 1000$дай акча жетпей жатат. А бизде иликтөө үчүн темалар даяр”,-деп айтылат. 

Андан соң 900$ акча жөнүндө аял киши менен сүйлөшкөн аудио да кошулган. 

Кызыгы, видеонун аркасында үн коштогон адам, жогорудагы сүйлөшүлгөн акчалардын “наркотикалык бизнес” үчүн колдонуп жатканын айтат. Бирок, аудио сүйлөшүүдө иликтөө үчүн керектүү камера тууралуу гана сөз болгон. 

Болот Темиров бизге берген маеги учурунда иликтөөлөрдүн жаңы форматтарын тартып баштоону максат коюп, эл аралык уюмдардан ошол иликтөөлөрдү тартууга алыстан жакындатып тарткан камера керек деп сүйлөшкөн сөзү экенин айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин 2021-жылы декабрь айында Болот Темировдун кеңсесинде тыңшоочу каражаттар табылган. “Temirov Live’дын” журналисти Актилек Капаров бул иликтөөчү журналисттерди коркутууну каалаган “кир метод” экенин билдирген. 

Жыйынтык: Манипуляция. Видеодогу аудиосүйлөшүүдө наркотикалык заттар жөнүндө сөз болгон эмес. 

4. “Болот Темиров жубайы менен чогуу наркотикалык заттарды сатат” деген сөздү текшеребиз

Видеонун акыркы мүнөттөрүндө Болот Темиров “Bellingcat’ сыяктуу эл аралык денгээлдеги уюмдардан акча алуу менен байып жатканы жана акчасын наркотикалык заттарды сатуу менен көбөйтүүгө жетишкени айтылат. Анда ал өзү жана командасы менен укмуштуудай кирешелерди таап жатканы да белгиленет. 

Анда Болот Темиров 24-январда тергөөдөн бошотулары менен үйүнө барып, жубайы менен урушканы жана төкмө акын Болот Назаровго баңгизат берип көндүрүп койгондуктан, милиция кармап алганы айтылат. 

Видеодогу аудиобилдирүүдө эркек киши менен аялдын урушканы угулган. Анда үнү Болот Темировдукуна окшош адам Россияга кете турганын жана мүлкүн ага жаздырып берерин айткан. Бирок, бул жерде да эч кандай наркотикалык заттарды ташуу же сатуу тууралуу сөз болгон эмес. 

Мындан сырткары, “Temirov Live” редакциясынын журналисттеринин кирешесинин аныктыгы да күмөн жаратат. Анткени, аталган документтерди компютер аркылуу жасап коюуга болот. 

Себеби, Болот Темировду кармап кеткен күнү анын кеңсесиндеги компьютерлерге мөөр баспай туруп алып кетишкен. Демек, ал компьютердеги жазуулар укук коргоо органдарынын колунда калган. Ал маалыматтардын видеодо чыгып жатканынын өзү мыйзамдар бузулганын, милиция алып кеткен компьютерлер башка максаттарда пайдаланылып жатканын көрсөтүп турат. 

Жыйынтык: Манипуляция жана каралоо. Видеодо айтылгандай Болот Темиров жана анын жубайы наркотикалык бизнес кыла турганы далилденген эмес. 

Болот Темиров чуусу 

22-январда күч органдары иликтөөчү журналист Болот Темировду кеңсесинен кармап кетишкен. ИИМден билдиришкендей, журналисттин чөнтөгүнөн маңзат табылып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгон. Болот Темиров чөнтөгүнө пакетти укук коргоо органдары салып койгонун, жалаа жабылып жатканын билдирген. Ага мындай кысымдын болуп жатканына жакында “Temirov LIVEдын”  журналисттери жарыялаган «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүнө байланыштуу болушу мүмкүн экенин айткан.

Андан кийин Болот Темировду түн ортосунда  Наркоборборго анализ тапшыртуу үчүн алып барышкан. Темировдун маңзатка тапшырган анализдери таза чыккан. 

23-январда, Ички иштер министрлиги Болот  Темировду эч жакка кетпөө  тууралуу тил кат менен чыгарылды.

Видеого эмне себептен ишенүүгө болбойт?

  1. Видеодонун алгачкы мүнөттөрүнөн баштап, сүйлөп жаткан адамдын үнү өзгөртүлгөнүн байкоого болот. Башкача айтканда, автор өзүн таанытпоого аракет кылган. Бул видеодогу келтирилген фактылардын тууралыгына шек жаратат. 

2) Видеодо Болот Темировдун Россия жана Батыш менен түзгөн келишимдери боюнча деп айтылып, гранттык программаларга берилген долбоорлор көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, гранттык долбоорлордо максатына эмес, проценттерге жана көрсөтүлгөн цифраларга көңүл бурдурууга аракет болгон. Бул да видеонун объективдүү эмес экенин айгинелейт. 

3) Видеодо, Болот Темиров наркотикалык заттарды сатууга айыпталган. Ага далил катары аудио билдирүүлөр кошулган. Бирок аталган билдирүүлөрдө наркотик жөнүндө сөз болбогону, бул сөздөрдүн манипуляция экенин аныктайт. 

Жыйынтык: Фейсбуктагы “Адамдар арасында” баракчасында иликтөөчү журналист Болот Темировду бир жактуу каралоо жана фактыларды бурмалоо болгон. “Адамдар арасында” деген аккаунт жана ушундай эле аталыштагы баракча буга чейин дагы бийликтин оппоненттерин каралаган маалыматтарды бөлүшүп келген.

Булак: “ПолитКлиника”.

Количество просмотров: 212