• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Журналист Канат Каниметов тергөөчүгө каршы сотко даттанды

24 Бугу 2021 11:32 Бишкек Govori.TV

Журналист Канат Каниметов Бишкектин Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн үстүнөн сотко даттануу арызын жазды.

Журналисттин адвокаты, “Медиа Полиси Институту” уюмунун юристи Нурбек Сыдыков 14-майда журналистке карата жүрүп жаткан териштирүү негизсиз экени тууралуу үч пункттан турган билдирүү тараткан.

Чүй облустук милициясы Каниметовго карата “майда ээнбаштык” деген берене менен иш козголгонун кабарлаган.

Журналисттин жактоочусу адамды бийликти сындаганы үчүн “майда ээнбаштык” беренеси менен мындай факт болбосо да суракка чакыруу жана сотко чейинки териштирүү жүргүзүү мыйзамсыз экенин белгилеген.

Количество просмотров: 94