• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Журналист Олжобай Шакирдин жубайы коронавирус жуктуруп алды

4 Кулжа 2020 16:36 Бишкек Govori.TV

Олжобай Шакир 4-июнда жубайы коронавируска чалдыкканын билдирди. Ал бул тууралуу Ruhesh TV Ютуб каналына видео кайрылуу жүктөдү.Олжобай Шакир «оору жок» деп ойлогондор коомчулукта бар экенин эске алуу менен оору тууралуу айтып берүүнү туура көргөнүн айтат.

«Биз үй-бүлөбүз менен ушунчалык сактандык. Бирок кайненем ооруп, келинчегим ооруканага ташып жүргөндө жукса керек. Болбосо келинчегим тазалыкты өзү талап кылып жүргөн. Кечээ Канттагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырып, биз да текшерүүдөн өттүк. Жыйынтык бүгүн-эртең чыгат. Өткөндө такси менен Бишкектен келе жатсам таксист колун сунат. “Тарт колуңду” десем, “байке, бул деген саясат, жөн эле жомок кылып атышат” деди. Улуттук саламаттык үчүн биз буга жапа тырмак күрөшүүбүз керек», — деди Олжобай Шакир.

Ошондой эле ал улуттун келечегин ойлойлу десек ооруга олуттуу мамиле кылып, ага карата аң сезимди өзгөртүү керектигин кошумчалаган.

Количество просмотров: 127