• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

06.04.2018. Күндүн ыргагы… Оо, эл-журт! Жолдубаева кандай прокурор эле?!  Президент “күрөштө достук жок” деди…

6 Чын куран 2018 18:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06. 04.2018. Govori.TV
Биз бүгүн таң эрте КРнын Башкы прокурору Индира Жолдубаеванын жакында кызматтан кетээрин жаздык. Бул көзү ачыктык эмес, реалдуу иш болуп калды. Себеби, айтып оозубузду жыйганча парламенттеги “Атамекен” жана “Республика-Атажурт” фракциялары бүгүнү күн тартибине ылайык, Башпрокуратуранын ишмердиги боюнча отчетту карады. “Ата Мекен” фракциясынын жыйынына Башпрокурор өзү келген жок. Орун басарлары анын ооруп калгандыгын айтышкан менен, кандай дартка чалдыкканын, кайсыл стадияда дарыланып жатканын ачыктай алышпады. Демек, Индира Жолдубаева Жогорку Кеңешке жөн эле келген эмес. Анткени, ал канчалык отчетту кагаз жүзүндө катыра жазганы менен, депутаттардын оң капшыттан, сол капшыттан берген күтүүсүз суроолоруна жооп бере албастыгын сезсе керек. Мисалы, биз эле бүт дүйнөгө белгилүү болуп калган “Белиз-гейт” окуясын айталы. Бул чуулгандуу иштин аягына алиге чекит коюла элек. УКМК менен Башкы прокуратура бул Белиз деген өлкөдөн келген “апостиль”  аттуу документтерди түп нускада, чыныгы юридикалык күчкө ээ документтер деп жарыша тастыктап атышпады беле? Кийин анын жасалма экенин партиянын юристтери таап чыгып, “Азаттык” бир жагынан иликтөө жүргүзүп жибергенде, аталган өлкөгө суроо жөнөтүп кутулушкан. Бирок, бүгүн дагы ал жактан жооп келе элек. Балким, Кыргызстандын укук коргоо органдары катты чындап жөнөткөн эместир…
Ал эми ири каржылык мыйзам бузуулар менен коштолгон Нарын каскадын курууга багытталган 37 миллион доллардын уурдалышы, «Манас» аба майданы, «Идеал-Хаус», Бишкек ЖЭБине кеткен 386 миллион доллардын сарпталышы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы “Дастан” заводуна таандык жерге үй салышы, “Дастан” заводуна тиешелүү улутташтырылган жер аянтынын сатылышы тууралуу резонанстуу иштерден да тилекке каршы Индира Жолдубаева жыйынтык кыгара албаганы баарыбызга маалым. Ошондон улам, кыргыз айтмакчы, “ойлонбой иш кылган онтобой ооруйт” болуп, Башпрокурор отчетун тапшырууга дармансыз болуп отурат.
Түштөн кийин да “Республика-Атажурт” фракциясында ушул эле көрүнүш кайталанды. “Ооруп калган” Индира Жолдубаевага нааразы болгон фракция депутаттарынын көпчүлүгү анын орун басарларынын үсүл-кесил, чала жоопторуна убакыт коротуп отурууну эп көргөн жок дароо эле Башкы прокурорго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алышты. Демек, Индира Жолдубаевага карата ишеним сууган, башпрокуратура Президент айткандай жазалоочу гана органга айланып, адамдардын укугу ар кандай учурда тебеленип, прокуратура кызматкерлери формачан коррупционерлерге айланып калышкан деп бүтүм чыгарса болот.
Ошону менен кийинки жумаларда парламенттин профилдик комитети менен бирге калган фракциялар отчетту карап чыккан соң Индира Жолдубаеваны биротоло иштеп алып, үй жумушуна уруксат берет көрүнөт.
Албетте, кызмат колдун кири, Башкы прокурор болуп кимдер келип, кимдер гана кетпеген. Индира Жолдубаева деле ошолордун бири катары кызмат адамы. Бирок, тарыхтын кырынан туруп көз салганда Индира Жолдубаевага Алмазбек Атамбаев өтө ишеним артып, коррупция менен күрөштө чоң таяныч болот деп алып келбеди беле? Анан? Ал Алмазбек Шаршеновичтин жеке өзүнүн гана үмүтүн актаса актагандыр, эл үмүтүн актаган жок. Орган жалаңдаган эле жасоолдордон турган жазалоочу органга айланды. Алар укуктук негизде эмес, саясий негизде көп кылмыш иштерин ачты, тергөөсүн го УКМКга өткөрүп кутулганы менен саясатчыларды, асыресе, Алмазбек Атамбаевдин оппоненттерин соттоодо соттор менен камыр жумур болуп, аларга болуп көрбөгөндөй жаза мөөнөттөрдү сурап, прокуратура дегенде жан алгычтай элес калтырган коркунучтуу мекеме болуп калды. Анан ушундай кадр менен Соооронбай Шарипович кантин коррупцияга каршы чыныгы күрөш жүргүзө алат. Логика жок.
Айрыкча, андан мурун аталган кызматты жетектеген Аида Салянованын фонунда Индира Жолдубаеванын ишмердиги суу кечпей, шоона эшпей калды. Чыныгы коррупциянын күрөшкери катары Аида Салянова чоң коррупционерлерге тиш салып, аларды иштерин кынтыксыз тергөөгө алганы менен тилекке каршы, Президенттин айланасындагылар менен соттордун тандеми ошол коррупционерлердин жеңил жазаланышына эмес, биротоло, акталып чыгышына жол ачып кеткени бар.
Талашка түшкөн 7-апрель, күрөштө достук жок
Эртең, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы эң кайгылуу, эң кандуу “7-апрель-элдик револициясына” 8 жыл толот.  Аны эскерүү жуманын башынан бери эле ар жерде өтүп жатат. Адаттагыдай эле, куран кутулат, шейит кеткендер эскерилет, алардын жакындарын бийлик эгелери кабыл алат, “унутпайбыз” дешет, “кайталабайбыз” дешет, “таазим кылабыз” дешет…  Карасаң, ошол 8 жыл мурун Курманбек Бакиевдердин режимине каршы чыккандары  менен анын жанындагылар деле бирдей. Колтукташып жүрүшөт. Баары  тең ошол 7-апрелдин автору. Баары тең Бакиевден запкы жегенин айтышат. Кыргызстанын элине, жерине күйгөнүн айтышат. Бирок, арадагы 8 жылда баары тең өлкөнү өнүктүрүп жибере алышкан жок. Үй-бүлөлүк башкаруудан  кутулушканы менен партиялык башкарууга, кландык башкарууга келип калганын моюндагылары келбейт. Көбү 8 жылда өздөрү саясаттын курмандыгына айланып, көчө оппозициясы болуп калышкан. Ал ортодо 8 жылды кайра эле ошол Курманбек Бакиев менен Аскар Акаевдин коррупциялык саясатын чогуу жасашкандар, байлык топтоп алгандар “уурдап алышты”, колдонушту.  Тилекке каршы, алар бүгүн да бийликтин ар бутактарында жакшынакай эле иштеп жатышат. Эртең ошолор чыгып жалындуу сөз сүйлөгөндө жердин катуулугунан кана чыдап тургандар арбын болот…
Баса, акыркы 4-5 жылдан бери 7-апрелди президент Алмазбек Атамбаев өзүнө көбүрөөк ыйгарып, бийлигине таянып эле менчиктеп жүргөндөй элес калтырды. Ал ошол 7-жыл мурун кан кечип, УКМКнын муздак жертөлөсүнө жатып, Бакиевдерин өтө жанкечтилик аракетинен тайманбай жүргөн тарапташтарын кийин ар кандай сыпаттама менен тергеп, өзүнө гана мекенчил, таза, лидер катары көргөзүп, калгандарынын баарын ууру-кески, коррупционер атап, аларды жектеп, ар кандай жолдор менен бийликтен кубалап салган. Азыр деле ошол оюнунун кайтпай, эртелеп эскерүү кечесин өткөрүп, өзүнө жага турган сценарийдеги кино тасманы элге көргөзүп, 7-апрелдеги жакынын жоготкондорго жалындуу сүйлөп, боор тартып,  жөн койсо ошо шейит кеткендердин ордуна өзү барып жата кала тургандай аракетте болду. Азыркы бийликти тээ 7-жыл мурдагы үй-бүлөлүк башкаруучуларга да салыштырып, “ошол жолго түшүп кетпегей эле” деп кейип жатты.
Бирок,  азыркы Президент Сооронбай Жээнбеков деле 2010-жылы 7-апрелде асманда же Америкада болбогондугун, ал ошол кандуу революциянын түздөн-түз катышуучусу,  элдин шорун өз пешенеси менен көргөн, оппозицияга куугунтукту жон териси менен сезген адам экенин, апрелчи баатырлардын эсине жакшы салып кетти. Жолугушууну Куран окуу менен баштаган Президент Кыргызстан калыптануунун татаал жолун басып өткөнүн, экономикалык, саясий кыйынчылыктарды баштан кечиргенин белгиледи. Бирок ал бардык сыноолорго карабастан, Кыргызстан эли өз мамлекеттүүлүгүн сактап калганын жана майтарылбас эркин көрсөткөнүн кеп салды. Шейит кенткендердин жакындарынын, 7 жылдан бери коррупционерлер менен күрөшүү аягына чыкпай жатканын айтып,  “баатырлар ушул паракорлор үчүн жан кыйды беле?” деп кейигенин укканда,  “Буюрса мен коорупция менен күрөштүн  аягына чейин чыгарып берем. Тазасы таза, туурасы туура, туура эместери — бардыгы чыгат, жашыруу деген болбойт. Азыр мына кеттиби, процесс — мен эч нерсеге карабайм. Мага жакынбы, бир тууганбы, доспу — эч нерсеге карабайм. Бардыгы бирдей жооп берет. Бирок бул маселени жылдырыш кыйын болуп жатат, оор болуп жатат. Ошого карабай аягына чыгарып берем. Биз бул боюнча күч кызматтары менен тынбай иштеп жатабыз”,-деди ал.
Демек, күрөш алдыда болот, бүгүнкү президенттин достору эгер арты аза болбосо сөзсүз эртең касына айланат. Бирок, эгер элге таяна турган болсо, чындап Кудайдан коркоору чын болсо, окуган намазы, тилеген тилеги чындап ак болсо, анда ал оппоненттерин эле куугунтукка алып, өз кишилери менен бюджетти жыртпай, чындап реформатор болот да, эл 2010-жылдын апрель окуясындагы жемишин 2020-жылдан баштап тата башташы толук мүмкүн.
Азырынча, “Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштүн башатында турган адам катары мен 2010-жылдын апрелиндеги жеңиш кандай оорчулук менен келгенин билем. Ошондуктан президент катары мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм деп кепилдик берем. Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем, бирок мен ага эч убакта жол бербейм. Биздин өлкөбүздө парламенттик демократия өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Биздин келечегибиз ушуга байланыштуу болот, — деп ишендирүүдө Сооронбай Жээнбеков. Илгери үмүт, иштей берсин.
Анын дагы бир адамдык бийиктиги-эртеңки Атабейиттеги иш-чарага экс-президент Роза Отунбаеваны да, Алмазбек Атамбаевди да чакырганы болду. Бул калыстык, бул улуулук. Кечилдик эмес кенендик…
Количество просмотров: 50