Эртең, 13-мартта саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым аймактарында убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Бул аймактарда техникалык иштер жүргүзүлө турганын «Түндүк электр» ишканасы билдирди.
Электр жарыгы өчүрүлө турган аймактар:
— Рухий-Мурас конушу;
-Тунгуч конушу;
— Буденный, Куликовский, Парковая, Славянский, Чувашский көчөлөрүнүн бөлүгү;
— Абдрахманов көчөсү;
— Арча-Бешик конушундагы Масалиев, Айылчиев, Баба-Ата, Миң-Куш, Щербет, Кара-Кужур, Арча-Бешик, Жайыл баатыр,Термечиков көчөлөрүндө;
— Мурас Ордо конушу;
— Пржевальск,Ушаков, Фиолетов көчөлөрү;
— Махатма Ганди, Караванский көчөлөрүнүн бөлүгү.