Бүгүнкү күндө дүйнөдө кесибине байланыштуу 389 журналист жана ЖМК кызматкери камакта отурат. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 12 пайызга көп.
«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюмунун баяндамасына ылайык, камактагы журналисттердин саны боюнча Кытай (130), Египет (36) жана Сауд Арабия (32) өлкөлөрү алдыда. Орусияда учурда алты журналист түрмөдө отурат.
Мындан сырткары, 2019-жылы дүйнөдө 49 журналист өлтүрүлгөн. Алардын бир аз бөлүгү гана куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарда курман болушкан.
Ошондой эле 57 ЖМК кызматкери барымтага алынган. Алардын бирөөсү Украинада, калганы Сирия, Йемен жана Ирак өлкөлөрүндө уурдалган. Учурда булардын көбү дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө.
Баяндамага ылайык, 2019-жылы журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөлөр Мексика, Сирия, Ооганстан, Пакистан жана Сомали болгон.