• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бишкектин айрым аймактарында таза суу өчүрүлөт (тизме)

24 Бирдин айы 202014:22 Бишкек Govori.TV

Бул айдын соңку күндөрүнө жакын — 25 жана 27-февралда бир нече конуштарда таза суу өчүрүлөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

25-февралда 10:00дөн 15:00гө чейин Жеңиш конушу;

27-февралда 9:00дөн 16:00гө чейин Мурас Ордо менен Калыс Ордо конуштары.

Булардан сырткары, төмөнкү жайларда да өчүрүлөт. Алар:

№ 86 башталгыч мектеби;
Мурас Ордо жана Калыс Ордо аймагындагы ҮДТ;
«Бактылуу балалык» менчик бала бакчасы.
«Билим берүү мекемелери иштебейт. Ал эми медициналык борборлор суу камдап коюп, элди кадимкидей эле кабыл ала берет», — деп айтылган маалыматта.

Суу берүүнү убактылуу токтотуу «Бишкек суу канал» ишканасынын кызматкерлеринин шаардыктарды жана ишканаларды суу менен камсыз кылган жайларды оңдоп-түзөөдөн өткөргөн иштеринен улам болууда.

Количество просмотров: 148