• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

26-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

20 Чын куран 202312:17 Бишкек Govori.TV

26-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-апрелде саат 9:00дөн 19:00гө чейин «Советский» суу топтомундагы оңдоо иштерине байланыштуу Сүйөркулов — Тыныстанов — Ахунбаев — Ала-Арча дарыясы — Медеров — Радищев — Л.Толстой — Жукеев-Пудовкин — Ахунбаев — Элебаев — Байтик-Баатыр көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 85