• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

27-28-ноябрь күндөрү Бишкекте жол кыймылына чектөө коюлат

25 Жетинин айы 201918:13 Бишкек Govori.TV

27-28-ноябрь күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым көчөлөрү жабылып, жол кыймылына чектөө коюлат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Чектөө киргизилүүчү көчөлөр:

  • «Манас» аэропортунан Жибек Жолу проспектисине чейинки Фучик көчөсү;
  • Жибек Жолу проспектисинен Манас проспектисине чейин;
  • Фучиктен Манас проспектисине чейинки Чүй проспектиси;
  • Чүй проспектиси Манаска чейин;
  • Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки Чүй проспектиси;
  • Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаевге чейинки Абдрахманов көчөсү;
  • Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери резиденцияга чейин.

ЖКККББ иш-чаралардын маанилүүлүгүнөн улам киргизилчү чектөөлөргө түшүнүү менен кароону өтүнөт. Автотыгындардын алдын алуу үчүн жол эрежелерин сактап, аталган көчөлөрдүн боюна унааларды таштабоону эске салат.

Количество просмотров: 563