• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

29-февралда Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

27 Бирдин айы 2024 13:38 Бишкек Govori.TV

Муниципалитеттен билдиришкендей, 29-февралда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарындагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Ичүүчү суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суутоптомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.

Теги:
Количество просмотров: 89