• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

31-декабрда Бишкекти велосипедчен аяз аталар кыдырат

25 Бештин айы 2019 16:41 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «ВелоАязата» аталышындагы веломарш өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, иш-чара 31-декабрда саат 12:00дө Түштүк дарбазада (магистраль) башталат. Веломарштын катышуучулары Абдрахманов көчөсү менен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин барышып, Эркиндик бульварына кайрылышат. Андан соң, катышуучулар «Ала-Тоо» аянтына келишет.

«Саамалыкка катышуу үчүн велосипедиңерди кооздоп, аяз ата же аяз кыз болуп кийинүү керектелет. Жаныңызга бир килограмм мандарин жана жарым килограмм таттууларды алып алыңыз. Булардын баарын аткаргандан кийин балдарды Жаңы жылы менен куттуктап көчө кыдырууга болот»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 217