5 жаштагы кызды өгөй атасы өлтүрүп, аны көмүп салган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка ылайык, окуя 12-ноябрь күнү Крымда болгон, анда өгөй ата кызы тил албаганын жана атасы катары көрбөгөн үчүн өлтүргөнүн тергөөчүлөргө айтып берген. Ал эми кыздын көмүлгөн видеосун Орусиянын тергөө комитети жарыялаган.
Тергөөчүлөр кыз муунтуп өлтүрүлгөнүн тастыкташкан. Кызын өлтүрдү делген өгөй ата Украинага качып кетүүгө аракет кылып, бирок чек арадан өтө албай калган.
Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүү 14-январга чейин камакка алынды.
Булак: reporter.kg.