• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

9 жыл бою үйүнүн жер төлөөсүндө кыямат күндү күтүп жашап келген үй-бүлө табылды

17 Тогуздун айы 2019 15:44 Бишкек Govori.TV

Голландиянын полиция кызматы 9 жыл бою үйүнүн жер төлөөсүндө кыямат күндү күтүп жашап келген үй-бүлөнү таап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Нидерландиянын түндүк-чыгышындагы Дренте провинциясында 58 жаштагы эркек киши 16-25 жаштагы алты баласы менен толук обочолонгон үйдө жашап келген. Үй-бүлөнүн улуу баласы үйдөн чыгып спирт ичимдиктерин ичүүчү жайга келип, жардам сурагандан кийин аларды таап алган.

Ал эми спирт ичимдиктерин ичүүчү жайдын жетекчисинин айтымында, ал 5 кружка сыра алып, баарын ичкен. Аны сөзгө тартканда, үйдөн качып чыкканын жана ага жардам керек экенин айткан.

Анын чачы узун, сакалыны кирдеп кеткен жана кийимдери да эски болчу. Эмне болуп жатканын түшүнбөгөндөй өзүн алып жүргөн. Ал мага кичүү инилери менен карындаштары менен обочолонгон жерде жашаганын айтып, ал жерден кетүүсү керектигин билдирген», — деп билидрген спирт ичимдиктерин ичүүчү жайдын жетекчиси.

Жергиликтүү басылманын журналисти өзүнүн твиттер баракчасына үй-бүлө кыямат күнүн күтүп жашат жатканын жазып чыккан. Дренде провинциясынын полиция кызматы, 58 жаштагы үйдүн ээси тергөөчүлөр менен кызматташуудан баш тарткандыктан камакка алынган.

Количество просмотров: 245