• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Адам өмүрүн алган жол кырсыгына шектелген актер Михаил Ефремов үй камагына алынды

10 Кулжа 2020 9:46 Бишкек Govori.TV

Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына шектелген актер Михаил Ефремов үй камагына алынды. 8-июнда түндө актер айдап келе жаткан машине каршы тилкеге чыгып, фургон менен кагышкан. Натыйжада фургондун айдоочусу, 57 жаштагы Сергей Захаров ооруканада өлгөн. Ефремов жабыркаган эмес.

Актер жол кырсык катталган жерден кармалып, соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Кийинчерээк ал мас абалында болгонун Москванын полициясы кабарлаган. Суракка келбей койгон Ефремовду полиция үйүнөн камакка алган болчу.

Ефремовго «Жол эрежесин бузганы, мас абалында машине айдаганы жана адам өлүмүнө себепкер болгону үчүн» кылмыш иши козголгон. Ал 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Михаил Ефремов – театр жана кино актеру, Орусиянын эмгек сиңирген артисти. Көпчүлүккө ал сатиралык долбоорлор жана Орусиядагы 1-каналдын «Күт мени» программасы аркылуу таанымал.

Количество просмотров: 47