• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аэропорт жолунда эки велосипедченди сүзгөн айдоочуга өкүм чыкты

10 Аяк оона 2020 15:33 Бишкек Govori.TV


“Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо эки велосипедчен адамды сүзүп кеткен айдоочу 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди 9-сентябрь күнү Сокулук райондук соту чыгарган. Өкүмгө ылайык, айдоочу кырсыктан каза болгон Илья Сидоровдун жакындарына 194 миң сом кенемте жана 300 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ал эми Евгений Требунскийдин үй-бүлөсүнө 286 миң сом кенемте жана 300 миң сом моралдык чыгым төлөп бериши керек.

Эске салсак, 30-июнда саат 10:20 чамасында “Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо эки велосипедчен адамды автоунаа сүзүп, 46 жаштагы Илья Сидоров жана 44 жаштагы Евгений Требунский аттуу жарандар каза болуп калган. Ал эми айдоочунун мас экени медициналык экспертизадан тастыкталган.

Количество просмотров: 74