Мурунку депутат Садыр Жапаровду колдоо митингинде Ак үйдүн кызматкерлерине кол салган аял №1 убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алды.
Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, Ч.Н. (аял киши) №1 абакта 4-майга чейин камакта болот.
2-мартта Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрдү. Митингдин жүрүшүндө уюштуруучулар сөз сүйлөп, бир катар талаптарды айтышты. Анын эң негизгиси — Садыр Жапаровду камактан бошотуу болду.
Митингге чыккан аялдар Ак үйгө барып, депутаттар менен жолугушууну талап кылышкан. Алардын арасындагы айрым аялдар Ак үйдөн чыгып жаткан кызматкерлердин жолун тосуп, кол салышкан болчу.