• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Акыркы иликтөөгө байланыштуу». Темиров өзүнүн кармалышы боюнча эмне дейт?

23 Үчтүн айы 2022 0:46 Бишкек Govori.TV

Жактоочу Нурбек Токтакунов иликтөөчү журналист Болот Темировду кеңсесинен милиция алып кетерден мурун тартылган видеону Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Эң негизиси биз Ташиев тууралуу иликтөөнү жарыялап үлгүрдүк. Анткени алар иликтөөнүн качан чыгарына кызыккан, коркутуулар болду. Биздин баракчаларды талкалап кирип, маалыматтарды алууга аракет жасашты. Биздин техникалык жабдыктарды алып кетүү менен алар иликтөөнү кантип жасаганыбызды аныктай алабыз деп ойлоп жатышат окшойт. Ал эми бүгүнкү кырдаалга токтолсом, алар кирип келип, колумду толгооо менен жерге көмкөрөмөн жаткырып, үстүмө эки кызматкер отуруп алды. Албетте, бул учурда арткы чөнтөктөрүм алардын көзөмөлүндө болчу. Арткы чөнтөгүмөн ичинде жашыл түшүнүксүз заты бар баштыкча чыкты. Албетте, мага таандык эмес» — деди Темиров.

Темиров ошондой эле анын үстүнөн арыз жазган кызды тааныбай турганын кошумчалаган.

«2 күн бурун УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн тиешелүү күйүүчү май бизнесин жөнүндө иликтөө жарыяланган. Ошого байланыштуу болушу мүмкүн. Акыркы окуяны сөз эркиндигине болгон басым деп баалайм»,-деди ал.

Количество просмотров: 1225