• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

«Ала-Тоо» аянтында митингге чыккан эки тараптын ортосунда пикирик келишпестик жаралды

9 Тогуздун айы 202017:35 Бишкек Govori.TV

Азыркы тапта Бишкек шаарындагы «Форум» мекемесинин алдында чогулган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен «Республика» партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабановдун тарапташтары «Ала-Тоо» аянтына келди.

Алар 5-октябрдагы митинг учурунда алган жаракатынан каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулунун элесине бир мүнөттүк жымжырттык жарыялап, куран окушту.

Аянттан анча алыс эмес, тактап айтканда өкмөт үйүнүн алдында премьер-министрликке Садыр Жапаровду көрсөтүп жаткан тарапташтары аянтка келип, эки тараптын ортосунда түшүнбөстүктөр жаралды.

https://www.facebook.com/govoriTV/videos/1233862070310885/
Количество просмотров: 849