«Тёплые Ключи» санаторийинин аймагынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, 21-ноябрда болжол менен саат 13:00 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө эркек кишинин жансыз денеси асылып тургандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Ал жерге барган ыкчам тергөө тобу жансыз денени Аламүдүн капчыгайындагы «Тёплие Ключи» санаторийинин аймагынан тапкан. Белгисиз адамдар анын буттарын, колдорун байлап, оозун скотч менен чаптап, мойнуна аркан салып, даракка илип коюшкан.
«Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Маркумдун өздүгү азырынча тактала элек», — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголду.