• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Тарапташтары УКМКнын алдына барып куттуктады

17 Аяк оона 2020 11:41 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны туулган күнү менен куттуктап, УКМКнын алдына барышты.

Куттуктап баргандардын арасында депутат Асель Кодуранова, Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаевалар бар. Алар колдоруна «Алмазбек Шаршенович туулган күнүңүз менен!»,-деген жазуулары бар плакаттарды кармап алышканын көрүүгө болот.

Эске салсак, былтыр 17-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин өздүк майрамына карата экс-президенттин тарапташтары аны «Арноо концерти» аркылуу куттуктоону демилгелеп чыгышкан. Бирок «Арноо концерти» аркылуу Атамбаевди туулган күнү менен куттуктоосуна уруксат бербей коюшканын КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков айтып чыккан.

Белгилей кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 64 жашка толду.

Количество просмотров: 129