• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Атамбаевдин тарапкерлери өтүнүчүнүн бир бөлүгүнөн баш тартты

24 Тогуздун айы 2019 13:42 Бишкек Govori.TV

Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамдын алынышынын мыйзамдуулугу боюнча жараянда мурдагы президенттин тарапкерлери өтүнүчүнүн бир бөлүгүнөн баш тартты.

Анда арыз менен кайрылган жактоочу Нурбек Токтакунов «экс-президент саясий ишмердик менен алектенбеши керек» деген норманын Баш мыйзамга дал келишин кароонун кереги жок болуп калганын айтты.

Мен жобону карап чыгып, мындай тыюу жок экенине көзүм жетти. Эгер ал саясий ишмердик менен алектенсе экс-президенттин кепилдигинен баш тартышы керек. Ошондуктан бул пунктту өтүнүчтөн чыгарууну суранабыз,  деди Токтакунов.

«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» жаңы мыйзамдын редакциясында экс-президент саясий ишмердик менен алектенбеши жана партияга мүчө болбошу керек экендиги айтылган. Эгер мындай кадамга барса экс-президентке берилген жеңилдиктерден баш тартышы керек болот. Бул мыйзам кабыл алынар алдында Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын лидери катары кызмат ордун тапшырып бергенин жарыялаган эле.

Эске салсак, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соттук коллегиясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун Баш мыйзамга ылайыктыгын кароону бүгүн да улантып жатат.

Количество просмотров: 175