Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоордун демилгечилеринин катарынан чыгууну ойлонуп жатат.
Атазов бул маселенин айланасында чечим кабыл ала электигин айтып, буларга токтолду.
«Бүгүн-эртең пикиримди билдирем. Себеби документти терең изилдеп чыкканда пикир келишпеген жерлери бар экен. Биз эл аралык мамилелерге, адам укуктарынын сакталышына көңүл бурушубуз керек»,-дейт Атазов.
Өткөн жылдын 21-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. Башында аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Надира Нарматова жалгыз болсо, кийин 32 депутат кошулган.
Бирок, 8-июндан тарта бир катар депутаттар долбоордун демилгечиси болуудан баш тартып жатышат.