• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

«Автомат менен атып салам» деп коркуткан жаран кармалды

2 Аяк оона 2019 11:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бейбаштыкка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 31-августта милицияга бир жаран арыз менен кайрылып, белгисиз бирөөгө чара көрүүнү суранган. Шектүү Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинен Toyota Land Cruiser-200 унаасын башкарып бара жатып, арыз ээсинин унаасын жолдун жээгине кысып, автомат менен атып салам деп коркуткан. 

«Милиция шектүүнү кармады. Ал 28 жаштагы С.У. аттуу жаран болуп чыкты. Текшерүү маалында анын унаасынан мергенчилердин ок атуучу куралы табылды. Мындан тышкары 51 патрон, 4 магазин, каска, асынма баштык. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 249