Бишкек.17.01.2019.Govori.TV.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунда плей-оффко чыкты. Алар 16-январда «С» тайпасындагы акыркы беттешин өткөрүп, Филиппиндин футболчуларын 3:1 эсебинде жеңген. Үч голду тең атаандаштардын дарбазасына чабуулчу Виталий Люкс киргизди.
Бул жыйынтык Кыргызстанга үч упай алып келип, “С” тобунда үчүнчү орунду камсыздоого шарт түздү.
Турнирдин регламентине ылайык, плей-оффко алты тайпадан (ар биринде төрттөн команда) экиден команда суурулуп чыгат. Вьетнамдын командасы Йеменден утулуп калгандыктан Кыргызстан упайлык эсеп менен артыкчылык көрсөтүп плей-оффко чыга алды.
Кыргызстан плей-оффтогу биринчи оюнун 21-январда Бириккен Араб Эмирлигинин курамасы менен ойнойт. Азыркы саатка карата 1/8 финалда ойной турган 16 команданын 12си аныкталып калды.