• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот

16 Жалган куран 2023 10:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-мартта Бишкек шаарынын айрым жерлеринде суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 9.00дөн 20:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймакта, ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы конуштарында суу өчүрүлөт.

Суу турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде болбойт.

Суу берүү «Контррезервуар» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

Мэрия калктан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Количество просмотров: 42