• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бабановдун айланасы жанданды

27 Жалган куран 2019 17:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.03.2019. Govori.TV

Жакында эле «Республика — Ата Журт» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзүнүн»Фейсбук» баракчасы аркылуу  кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, «жакында көрүшөбүз»,- деп жазган. Көп өтпөй анын тарапташтары Бабановдун жакын арада келээрин айтышкан. Бул аралыкта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бабанов өлкөгө кайтса, мыйзам алдында жоопко тартылаарын кабарлаган.

Бүгүн 27-мартта Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайтып келүүсү боюнча маалымат жыйын уюштурулуп, саясатчынын шайлоо өнөктүгү учурундагы Ош облусунун Онадыр айылында айткан сөздөрүнө экспертиза жүргүзүлүп, улуттук кастыкты козуткан көрүнүштөрдү таппаганын билдирди.

Бабановго карата иш Алмазбек Атамбаевдин тушунда саясий негизде козголгонун анын өкүлү Ислам Каргабаев билдирди. Мындан сырткары Бабановдун качан келээри белгисиз. Бирок жакынкы аралыкта сөзсүз келээрин кошумчалады.

Бабановдун жактоочусу Амантур Абдрахманов анын аракеттеринде кылмыштын белгиси жоктугун баса белгилеп, ага козголгон кылмыш иши кыскартылышы керектигин белгиледи.

Бабановдун сөздөрүнө экспертиза жүргүзүүгө катышкан филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева улут аралык кастыкты козутуу жана бийликти басып алууга үндөө болбогонун айтты.

Кошумчалай кетсек, Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Анын бири “2017-жылдагы президенттик шайлоо учурундагы үгүт өнөктүгүндө Оштогу Онадыр айылында  эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде козголсо, кийин «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен да иш ачылган. УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кеткен. Бүгүнкү күндө анын жактоочулары жакында келет деп ишендирип жатышат.

Теги:
Количество просмотров: 11