• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бир аптада Бишкекте 4 395 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

6 Аяк оона 20219:35 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 27-августтан 2-сентябрга чейин Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 395 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, алардын ичинен:

  • мас абалында автоунаа башкаруу — 45;
  • автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 7;
  • айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу — 41;
  • жасалма мамлекеттик номер менен автоунаа башкаруу — 1;
  • башка жол эрежелерин бузуулар — 4261. Ар кандай эреже бузган 327 автоунаа айып короо жайына токтотулду.
Количество просмотров: 98