• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкек абасы булганыч шаарлардын сап башына чыкты

21 Жетинин айы 2020 13:33 Бишкек Govori.TV

Дүйнөдөгү шаарларда абанын булгануу деңгээлин күнү-түнү аныктап турчу «AirVisual» тиркемесинде Бишкек алдыңкы сапка чыкты.

Кыргызстандын баш калаасынын абасы 20-ноябрда эң көп булганып, ондогон шаарлардын арасында биринчи орунда турду. 21-ноябрда Индиянын Дели шаары биринчи, Бишкек экинчи орунга түштү. Андан ары Кабул (Ооганстан), Калькутта (Индия), Лахор (Пакистан) жана башка калаалар турат.

2019-жылдын ноябрь айында да Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаардын бири аталган. Айлана-чөйрөнүн абалын шаарларга орнотулган «Airnow» жабдуусу аныктайт.

Абанын кирдешине автоунаалардын газы, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн себеп болору айтылып жүрөт.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 122