• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Бишкек комендантынын орун басарлары дайындалды

26 Жалган куран 2020 14:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек коменданты Алмазбек Орозалиевдин орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскерлеринин колбашчысы полковник Карасартов Алмазбек Оганович – КР мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын аймагында бөлүштүрүлгөн аскер бөлүктөрүнүн кызматташуусун жана колдонууну уюштуруу боюнча;

Бишкек шаарынын мэри Суракматов Азиз Эмилбекович – социалдык-экономикалык маселелер боюнча;

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жумагазиев Канат Сагынович – коомдук тартип жана коопсуздукту камсыздоо боюнча;

УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Дүйшекеев Нурлан Мурзабекович – конституциялык түзүмгө, суверенитетке укукка каршы кол салууларды жоюу жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү башка маселелер боюнча орун басарлары болуп дайындалышты.

Ошондой эле Бишкек комендатурасынын жетекчилигинин чечимдерин жана көрсөтмөлөрүн өз убагында ишке ашырууну жана көзөмөлдөөнү камсыздоо максатында комендатуранын алдында ыкчам штаб жана катчылык түзүлдү.

Количество просмотров: 106