• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкек мэриясы шаардык такси кызматын электромобиль менен иштетүүнү пландоодо

21 Үчтүн айы 2023 18:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы шаардык такси кызматын электромобиль менен иштетүүнү пландоодо. Бул тууралуу мэр “Кабар” агенттиги жазды.

Анын айтымында, долбоор ышка каршы күрөшүү чараларынын алкагында иштелип чыгууда.

“Биз бир нече инвесторлор менен такси кызматына электромобилдерди киргизүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштадык. Жок дегенде 500 унаадан баштаса жакшы болмок. Андан кийин Бишкекте такси айдаган айдоочуларды жаңы унааларга өтүүгө чакырсак болот”, — дейт ал.

Абдыкадыров муниципалдык адистер дагы катализаторлор боюнча Экология, Транспорт, Ички иштер министрликтери менен биргеликте сунуш даярдап жатканын жана ал министрлер кабинетине сунушталарын белгиледи.

“Такси кызматтарын негизинен аймактардан келгендер көрсөтүшөт. Коопсуздук, тазалык, айдоочулардын квалификациясы, унааларынын абалы боюнча эч ким көзөмөлдөбөйт. Алардын унааларында катализаторлор жок, жүргүнчүлөрдү ташуудагы техникалык талаптарга жооп берип-бербеши көптөгөн суроолорду жаратууда”, — деп кошумчалады мэр.

Количество просмотров: 262