• Жума 5 Кулжа 2026
  • Пятница 5 Июнь 2026

Бишкек шаарында Венгриянын элчилиги ачылды

19 Бирдин айы 202018:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-февралда Бишкек шаарында Венгриянын элчилиги ачылды. Иш-чарага Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Венгрияныны тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто катышты.

Салтанаттуу иш-чара тасма кесүү менен башталды. Министр А.Сийярто белгилегендей, элчиликтин ачылышы эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарат.

Өз кезегинде Ч.Айдарбеков катышкандарды дипломатиялык өкүлчүлүктүн ачылышы менен куттуктап, бул иш-чаранын келечектеги кызматташтык үчүн мааниси зор экенин айтып өттү.

Количество просмотров: 94