• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекке Бириккен Араб Эмирликтеринен кыргыз жарандары келишти

3 Теке 2020 15:55 Бишкек Govori.TV

3-июль күнү «Манас» Эл аралык аэропорту Дубай-Бишкек каттамы менен келген «FlyDubai» авиакомпаниясынын чартердик рейсин тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Кыргызстанга Бириккен Араб Эмирликтеринен Кыргыз Республикасынын 191 жараны, анын ичинде балдар кайтып келди

Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эмират тарабынан жетишилген сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашырылды.

Дубай аэропортундагы бекитилген тартипке ылайык, рейстин бардык жарандары учардын алдында коронавирус инфекциясына экспресс-тест тапшырышты.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү боюнча иштер улантылууда.

Количество просмотров: 66