• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекке Сауд Аравиясынан Кыргызстандын жарандары учуп келди

1 Теке 2020 12:16 Бишкек Govori.TV

1-июлда “Манас” эл аралык аэропорту «Flynas» авиакомпаниясынын «Даммам-Бишкек» маршрутунун чартердик каттамын тосуп алды. КРнын 121 жараны мекенине кайтып келди, алардын көпчүлүгү окуу жайларда окуган студенттер. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Бул авиакаттам менен Сауд Аравиясынан Казакстандын 39 жараны да учуп келип, алар «Манас» аэропортунан Казакстанга атайын транспорт менен жеткирилди.

Дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн КР Тышкы иштер министрлиги бул каттамды уюштурууну ишке ашырган.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтууну каалаган жарандарды КРга алып келүү боюнча иштер уланууда.

Количество просмотров: 73