Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон 65 жаштагы аял изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга М.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 1955-жылы туулган апасы — Жанбүбү Малаеваны табууга көмөк көрсөтүүнү суранган. Изделип жаткан аял 12-мартта саат 16:15 чамасында Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес.
Белгилери: бою 145-150 см, арык чырай, чачы кара.
Кийген кийимдери: ак түстөгү жеңи жок күрмө, гүлдүү көйнөк, бутунда кызыл бут кийим, башында ак жоолук.
Өзгөчө белгилери: Эс тутумун жоготуу менен жабыркайт.
Жанбүбү Малаеванын жүргөн жерин билгендер болсо 0(553) 102-387, 0(703) 222-622, 0(702) 498-888, 0(772) 847-336 телефон номурларына же 102 кызматына кабарласа болот.