• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте айдоочу даракты сүзүп, 3 адам жабыркады

19 Жалган куран 2020 10:11 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 3 адам жабыркады. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 19-мартта таңкы саат 03:00 чамасында Чүй жана Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинде орун алган. Анда айдоочу унаасы менен даракты сүзүп, кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркаган.

«Киа K7 унаасынын айдоочусу даракты сүзгөн. Жаракат алгандардын бирөө оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Унаа айып короосуна токтотулду. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 245