Бишкекте Honda CR-V унаасынын айдоочусу жөө өтмөктөн аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Govori.TVга күбөлөр билдирди.
Окуянын күбөсүнүн айтымында, кырсык бүгүн, 7-февралда Абдрахманов менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда жабырлануучу жөө жүргүнчүлөргө арналган өтмөктөн өтүп бара жаткан.
«Honda CR-V жөө жүргүнчү 1,5 – 2 метрге ыргып кеткен. Жабыркаган аял эс-учун жоготкон. Кырсык болгон жерге кайгуул милициясы келген. Көп өтпөй тез жардам унаасы да келип, жабыркаган жаранды ооруканага алып кетти»,-деп айтылат маалыматта.